Курамы:
Полиакрилдик дисперсия, пигменттер, толтургучтар, максаттуу кошулмалар, суу, биоцид
Түсү:
А базасы — ак. С базасы — тунук
Базасы:
А/С
Жылтырактык даражасы:
Күңүрт (матовая)
Суюлткуч:
Суу
Сиңирүүчү бетке 1 катмарга кеткен чыгым:
4−6 м²/кг*
Сиңирбөөчү бетке 1 катмарга кеткен чыгым:
5−7 м²/кг*
Тыгыздыгы:
А базасы болжол менен 1,5 кг/л; С базасы болжол менен 1,4 кг/л
МДНВ (Учуучу эмес заттардын массалык үлүшү):
А базасы 55%дан кем эмес; С базасы 55%дан кем эмес
Кургап калуу убактысы:
1 саат**
Кийинки катмарды сүйкөөгө болот:
1 сааттан кийин**
Жууганга туруктуулугу:
Абразивдик эмес жуучу каражаттар менен нымдуу тазалоо
Колдонуу учурундагы негиздин температурасы:
+5тен +35ºC чейин
*Материалдын чыгымы негиздин даярдык сапатына, сүйкөө ыкмасына, колдонулган аспапка, жумушту аткаруучулардын квалификациясына жараша болот жана көрсөтүлгөн маанилерден айырмаланышы мүмкүн.
**t +20±2 °C жана абанын салыштырмалуу нымдуулугу 65±5%дан ашпаган учурда. Температура төмөндөгөндө же нымдуулук жогорулаганда кургап калуу убактысы көбөйүшү мүмкүн. Абанын температурасы +15°Cден төмөн же абанын салыштырмалуу нымдуулугу 65%дан жогору болгондо, кийинки катмарды 24 сааттан эрте эмес сүйкөө керек.
Боёк турак жай жана административдик имараттардын фасаддарын боёо үчүн арналган. Боёкту кыштан, бетондон, асбоцементтен жасалган беттерге, шыбакталган жана мурда боёлгон, атмосфералык таасирлерге дуушар болгон беттерге, ошондой эле нымдуу тазалоого жана жууганга туруктуу жабууларды алуу үчүн имараттардын ичинде колдонууга болот.
Боёкту бетон, кыш, жыгач-булалуу жана жыгач-кырынды плиталарга, ГКЛ, шыбакталган, мурда боёлгон беттерге (бирок жылтырак эмес) сүйкөөгө болот. Цоколдорду боёо үчүн сунушталбайт.
Кол менен жана механикалаштырылган түрдө сүйкөө үчүн.
Колерлөө жана түс чечимдери
Боёк А жана С деген эки база түрүндө чыгарылат жана компьютердик (машиналык) ыкма менен RAL, NCS жана башка түс каталогдорунун түстөрүнө колерленсе болот. А базасы ачык жана пастелдик түстөргө колерлөө үчүн арналган, ошондой эле ак боёк катары да колдонулушу мүмкүн, боёктун массасынан 5%га чейин колерлөөчү пасталарды кошууга жол берилет. С базасы колерленген түрдө гана колдонулат жана каныккан түстөргө колерлөө үчүн арналган, боёктун массасынан 10%га чейин колерлөөчү пасталарды кошууга жол берилет.
С базасындагы ачык түстөргө боёодо, алдын ала окшош түскө колерленген А базасындагы боёк катмарын сүйкөө сунушталат. Суу негизиндеги колерлөөчү пасталардын жардамы менен кол менен колерлөө мүмкүн.
Колерлөөнүн жыйынтыгы үчүн жоопкерчиликти колерлөөнү аткарган уюм тартат.
Түс берүүнүн өзгөчөлүктөрү
Сүйкөө шарттарына, ошондой эле боёло турган беттин фактурасына жараша, түстөрдүн реалдуу өңдөрү түс каталогунда көрсөтүлгөндөрдөн бир аз айырмаланышы мүмкүн. Колдонуудан мурун сынамык сүйкөө жүргүзүп, кургаган жабуунун түскө шайкештигин текшерүү зарыл.
Өңдөрдүн айырмачылыгын болтурбоо үчүн бир визуалдык тегиздикте бир өндүрүштүк партиядагы продуктуну колдонуу (партиянын номери ар бир таңгакта көрсөтүлөт) же ар башка партиядагы материалдарды алдын ала 1:1 пропорциясында аралаштыруу сунушталат, сүйкөө технологиясы өзгөрүүсүз калууга тийиш.
Негизди даярдоо
Негизди даярдоону СП 71.13330.2017ге ылайык аткаруу керек. Негизди чаңдан жана кирден тазалоо зарыл. Мурда боёлгон беттерден эски боёктун жана агартуунун (побелка) бошоң катмарларын алып салуу керек. Катуу жана бекем кармалган жылтырак беттерди күңүрт абалга чейин жылмалап, жылмалоодон чыккан чаңды тазалоо зарыл.
Тегиз эмес жерлерди, чуңкурларды, жаракаларды жана өнүктөрдү суу-дисперсиялык шыбак (шпатлевка) менен түздөп, жылмалоо керек. Мурда бор же акиташ боёктору менен капталган беттер толугу менен тазаланышы керек.
Жабуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана боёктун чыгымын азайтуу үчүн интенсивдүү сиңирүүчү беттерди алдын ала грунттоо зарыл. Praktik линиясындагы грунтовкаларды колдонуу сунушталат (негиздин түрүнө жараша).
Иш тартиби
Боёло турган бет кургак жана таза болушу керек, жумушту аткаруу үчүн негиздин температурасы +5°Сден баштап, боёкту сүйкөө учурундагы абанын температурасы +10°Сден +35°Сге чейин, абанын салыштырмалуу нымдуулугу 80%дан төмөн болушу керек. Фиништик катмардын өңүндөгү айырмачылыктарды болтурбоо үчүн бир партияда чыгарылган боёкту колдонуу сунушталат.
Материалды даярдоо
Боёкту жакшылап аралаштыруу керек. Аралаштырууну кенен жана жалпак планка же курулуш миксери менен төмөнкү айланууларда, аба көбүкчөлөрүнүн пайда болушуна жол бербей, этияттык менен 1−3 мүнөт ичинде жүргүзүү зарыл. Жабык банканы силкилдетүү менен материалды аралаштыруу сунушталбайт. Ташуудан жана/же активдүү аралаштыруудан кийин аба көбүкчөлөрү пайда болсо, боёк алар жоголгонго чейин тыныгуусу керек.
Сүйкөө технологиясы
Боёкту даярдалган кургак таза бетке щетка, валик же боёк чачкыч менен сүйкөө керек. Фактуралык шыбактар, кыш, бетон блоктору, рельефтүү шыптар сыяктуу одуракай беттер үчүн түгүнүн узундугу 12−25 мм болгон валиктерди колдонуу сунушталат. Шыбактар, бетон, айнек холст, малярдык флизелин сыяктуу бүдүрлүү беттер үчүн — түгүнүн узундугу 8−12 мм. Гипсокартон, МДФ, ДСП, архитектуралык декор элементтери (наличниктер, молдингдер, шып карниздери) сыяктуу жылмакай беттер үчүн — түгүнүн узундугу 6 ммге чейин.
Боёк колдонууга даяр, щетка же валик менен сүйкөө үчүн зарыл болсо, суу менен 5%дан ашык эмес суюлтууга болот. Абасыз чачуу үчүн суу менен 5−10%га суюлтууга жол берилет, сопло 0,013−0,015″, басым 180−190 бар. Чачуу бурчу боёло турган беттин аянтына жана геометриялык өзгөчөлүктөрүнө жараша тандалат.
Каныккан түстү алуу жана беттин сырткы көрүнүшүн жакшыртуу үчүн боёкту эки катмар менен сүйкөө зарыл.
Коопсуздук чаралары
Жумуш жүргүзүүдө тике тийген күн нурларынан жана жогорку нымдуулук шарттарынан качуу керек.
Жумуш аяктагандан кийин колду жана аспаптарды жылуу суу менен жакшылап жууш керек.
Сактоо жана ташуу шарттары
Тыгыз жабылган идиште +5°тан кем эмес жана +35°Cден ашпаган температурада сактоо жана ташуу керек. -40°Cден төмөн эмес температурада жалпы узактыгы 2 жумадан ашпаган беш жолку тоңдурууга жол берилет.
Продукт куюлган чаканы ашыкча ысып кетүүдөн коргоо жана тике тийген күн нуру астында сактоодон качуу керек. Шарттар сакталган учурда, жабык заводдук таңгакта кепилдик берилген сактоо мөөнөтү даярдалган күндөн тартып 24 айды түзөт.
Сактоо учурунда продуктунун катмарлануусу мүмкүн, ал аралаштырганда оңой эле калыбына келет. Толук иштетилип бүтө элек продуктуну тыгыз жабылган идиште сактап, мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө колдонуу керек.
Коопсуздук
Продукт өрткө жана жарылууга коопсуз, тез тутануучу компоненттерди камтыбайт.