Курамы:
Полиакрил дисперсиясы, пигменттер, толтургучтар, максаттуу кошулмалар, суу
Түсү:
Ак
Жылтырактык даражасы:
Күңүрт (матовая)
ГОСТ 32300/ DIN EN 13 300 боюнча нымдуу сүрүлүүгө туруктуулугу:
2-класс
Тыгыздыгы:
Болжол менен 1,67 кг/л
МДНВ:
75% кем эмес
Суюлткуч:
Суу
Чыгымы:
1–1,5 м²/кг баштап*
Кургап калуу убактысы:
1–4 саат (беттин фактурасына жана катмардын калыңдыгына жараша); толук кургашы – 24 саат**
Фактураны оңдоо убактысы:
1 саат.
Колдонуу учурундагы негиздин температурасы:
+5 °C баштап +35 °C чейин
*Материалдын чыгымы негиздин даярдалышынын сапатына, сүйкөө ыкмасына, колдонулган аспапка, жумушту аткаруучулардын квалификациясына жараша болот жана көрсөтүлгөн маанилерден айырмаланышы мүмкүн.
**t (+20±2) °C жана абанын салыштырмалуу нымдуулугу (65±5) % ашпаган учурда. Температура төмөндөгөндө же нымдуулук жогорулаганда кургап калуу убактысы узартылышы мүмкүн.
Боёкту колерлөө NCS, RAL жана башка колерлөө системаларына ылайык жүргүзүлүшү мүмкүн, боёктун салмагынан 5% чейин колерлөө пасталарын кошууга жол берилет.
Бир беттеги түстөрдүн айырмачылыгын болтурбоо үчүн партиясынын номери бирдей болгон продуктту колдонуу керек (таңгагын караңыз) же ар башка партиядагы материалдарды алдын ала 1:1 пропорциясында аралаштыруу зарыл. Колерлөөнүн жыйынтыгы үчүн жоопкерчиликти колерлөөнү аткарган уюм тартат.
Сүйкөө шарттарына, ошондой эле боёло турган беттин фактурасына жараша, түстөрдүн чыныгы өңдөрү түстөр каталогунда көрсөтүлгөндөрдөн бир аз айырмаланышы мүмкүн. Колдонуудан мурун сыноо иретинде сүйкөп көрүү жана кургаган жабуунун түскө шайкештигин текшерүү зарыл.
Колерлөө пасталарын кошкондон кийин, сактоо учурунда колерленген материалдын касиеттери өзгөрүп кетпеши үчүн продуктту мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө колдонуу керек.
Негизди даярдоо
Негизди даярдоону СП 71.13330.2017 стандартына ылайык аткаруу керек. Негизди чаңдан, кирден тазалаңыз. Мурда бор же акиташ боёктору менен капталган беттер толук тазаланганга чейин кылдаттык менен тазаланышы керек.
Катуу жана бекем кармалып турган жалтырак беттерди күңүрт абалга чейин жылмалап, жылмалоодон чыккан чаңды тазалаңыз. Мурун сырдалган беттерден эски боёктун жана акиташтын бошоң катмарларын алып салыңыз. Тегиз эмес жерлерди, чуңкурларды, жаракаларды жана сыныктарды суу-дисперсиялык шпаклёвка менен түздөп, жылмалаңыз.
Катуу сиңирүүчү беттерди жабуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана боёктун чыгымын азайтуу үчүн алдын ала грунттаңыз. Bergauf линиясындагы грунтовкаларды жана шпаклёвкаларды колдонуу сунушталат (негиздин түрүнө жараша).
Иш тартиби
Сырдала турган бет кургак жана таза болушу керек, беттин жана абанын температурасы +5 °Сден кем эмес, ал эми абанын салыштырмалуу нымдуулугу 80%дан төмөн болушу керек. Сүйкөө учурунда бөлмөдөгү температура – +5 °Сден 35 °Сге чейин, абанын салыштырмалуу нымдуулугу (65±5) %.
Боёкту колдонуудан мурун кылдат аралаштырыңыз. Боёк колдонууга даяр. Түстөрдүн айырмачылыгын болтурбоо үчүн бир партиядагы боёкту колдонуңуз. Ишти баштоодон мурун түскө шайкештигин текшерүү үчүн бетке сыноо иретинде сырдап көрүңүз.
Сүйкөө технологиясы
Материал валик, щетка, шпатель, губка жана декоративдик материалдар үчүн атайын аспап менен сүйкөлөт. Катмардын максималдуу калыңдыгы – 2–3 мм. Материалды бетке тегиз бөлүштүргөндөн кийин, ошол эле валик менен өйдөдөн ылдый карай жүргүзүп, рельеф түзө башташат. Рельефтин интенсивдүүлүгү сүрөттү түзүүдөгү өтүүлөрдүн санына жараша болот.
Каалаган рельефти берүү үчүн структуралык валиктерди же тиштүү шпателди колдонуңуз.
Иш бүткөндөн кийин колду жана аспаптарды жылуу суу менен кылдат жууңуз.
Сактоо жана ташуу шарттары
Тыгыз жабылган идиште +5°тан төмөн эмес жана +35°Cден жогору эмес температурада сактоо жана ташуу керек. –40°Cден төмөн эмес температурада жалпы узактыгы 2 жумадан ашпаган беш жолку тоңдурууга жол берилет.
Продукт куюлган чаканы ашыкча ысып кетүүдөн коргоо жана тике тийген күн нуру астында сактоодон качуу керек. Сактоо шарттары сакталган учурда, жабык заводдук таңгакта кепилдик берилген сактоо мөөнөтү даярдалган күндөн тартып 24 айды түзөт.
Сактоо учурунда продуктунун катмарларга бөлүнүшү мүмкүн, ал аралаштырганда оңой эле калыбына келет. Толук иштетилип бүтө элек продуктуну тыгыз жабылган идиште сактап, мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө колдонуңуз.
Коопсуздук
Продукт өрткө жана жарылууга коопсуз, тез тутануучу компоненттерди камтыбайт.