Курамы:
Бифункционалдык сополимерлердин суудагы гибриддик дисперсиясы, минералдык толтургучтар, инновациялык кошумчалар
Түсү:
Ак**
Тыгыздыгы:
1,8−1,9 кг/л
Фракциясы:
1,5 мм
1м2ге сарпталышы:
2,4-2,8 кг*
Сүйкөө калыңдыгы:
1,5 мм
3-даражага чейин кургатуу убактысы:
5 сааттан ашык эмес***
Атмосфералык жаан-чачындарга туруктуулугу:
24 сааттан эрте эмес
Кийинки жумуштар:
3 суткадан кийин
Жарактуулук мөөнөтү:
24 ай
* Материалдын сарпталышы негиздин даярдоо сапатына, сүйкөө ыкмасына, колдонулган аспапка, жумушту аткаруучулардын квалификациясына жараша болот жана көрсөтүлгөн маанилерден айырмаланышы мүмкүн.
**Негизги түстөн айырмаланган бөлүкчөлөрдүн бир аз болушуна жол берилет, бул продуктунун техникалык мүнөздөмөлөрүнө таасир этпейт. Бул курамында табигый тектүү толтургучтардын болушу менен түшүндүрүлөт.
*** Көрсөтүлгөн сапат көрсөткүчтөрү жана сунуштар айлана-чөйрөнүн температурасы +20°С жана абанын салыштырмалуу нымдуулугу 60% үчүн туура. Башка шарттарда кургатуу жана оңдоо убактысы көрсөтүлгөндөн айырмаланышы мүмкүн.
Максаты жана касиеттери
Эң заманбап чечимдердин негизиндеги жогорку сапаттагы, минералдык кебез жана пенополистирол негизиндеги фасаддарды жылуулоо системаларында колдонуу үчүн, ошондой эле А, Б, В тибиндеги имараттардагы жана курулмалардагы кургак жана нымдуу жайлардын ичин жасалгалоо үчүн даяр штукатурка.
Инновациялык курамы жогорку бышыктыкка, өзүн-өзү тазалоо эффектине жана жогорку буу өткөрүмдүүлүк менен төмөнкү суу сиңирүүнүн эң жакшы айкалышына ээ болгон жабууну түзөт. Арматуралоочу микробулалар жабууга кошумча бышыктык, ийкемдүүлүк жана отурууга туруктуулук берет.
Техникалык өзгөчөлүктөрү
Материалдын гибриддик табияты негиз менен да, жабуунун ичинде да мыкты адгезияны жана бекем байланыштардын түзүлүшүн камсыз кылат, вертикалдык байланыштар бууну чыгаруу үчүн микротоннелдердин түзүлүшүнө шарт түзөт. Жабуу көк жана грибоктордун пайда болушуна туруктуу. Пастелдик жана каныккан түстөргө колерленет.
Пластикалык, иштөөгө ыңгайлуу консистенциясы штукатурканы бетке оңой жана тез сүйкөөгө жана каалаган фактураны түзүүгө мүмкүндүк берет.
Колерлөө
Декоративдик штукатурка база түрүндө чыгарылат жана RAL, NCS жана башка түс каталогдорунун түстөрүнө компьютердик (машиналык) ыкма менен колерлениши мүмкүн. Жогорку жарыкка жана атмосферага туруктуулукка ээ болгон суу негизиндеги колерлөөчү пасталардын жардамы менен кол менен колерлөөгө болот. Колерлөөнүн жыйынтыгы үчүн жоопкерчиликти колерлөөнү аткарган уюм тартат.
Түстөрдүн берилишинин өзгөчөлүктөрү
Сүйкөө шарттарына, ошондой эле сырдала турган беттин фактурасына жараша түстөрдүн реалдуу өңдөрү түс каталогунда берилгендерден бир аз айырмаланышы мүмкүн.
Колдонуудан мурун сыноо иретинде сүйкөп көрүү жана кургаган жабуунун түскө шайкештигин текшерүү зарыл.
Өңдөрдүн айырмачылыгын болтурбоо үчүн бир визуалдык тегиздикте бир өндүрүш партиясындагы продуктуну колдонуу (партиянын номери ар бир таңгакта көрсөтүлөт) же ар башка партиядагы материалдарды алдын ала 1:1 пропорциясында аралаштыруу сунушталат, сүйкөө технологиясы өзгөрүүсүз калышы керек.
Түс боюнча сунуштар
BERGAUF FACADE GRUNT грунтовкасын колдонулуп жаткан штукатурканын түсүнө жакын түстө колдонуу сунушталат.
Фасаддарда чагылуу коэффициенти 25%дан аз болгон интенсивдүү же күңүрт түстөгү материалдарды колдонуу фасаддын 10%дан ашпаган кичинекей беттери менен, мисалы, айрым архитектуралык деталдар менен чектелиши керек.
Сүйкөө технологиясы
Жумуштар СП 293.1325800.2017ге ылайык аткарылышы керек.
Сүйкөө алдында штукатурканы кылдат аралаштыруу зарыл, анткени сактоо учурунда продукт катмарларга бөлүнүп кетиши мүмкүн. Штукатурканы материалдын салмагынын 5%ынан ашпаган өлчөмдө суу менен суюлтууга жол берилет.
Штукатурканы дат баспас болоттон жасалган сүргүч менен бетке 60° бурчта сүйкөңүз, катмардын калыңдыгы штукатурканын данынын өлчөмүнө шайкеш келиши керек. Бир аз убакыттан кийин, аралашма аспапка жабышпай калганда, пластик сүргүч менен фактураны түзүүгө киришсе болот. Пластик сүргүчтү бетке параллель кармап, фактураны баспастан, жеңил кыймылдар менен түзүү керек.
«Таштуу» фактура сүргүчтүн бир тарапка, адатта, саат жебесине каршы багытталган майда тегерек кыймылдары менен түзүлөт.
Жумуштарды аткаруунун өзгөчөлүктөрү
Жумушту токтотуу зарыл болгон учурда штукатурка катмарынын чегине малярдык тасма чапталат, аны штукатурка катып калганга чейин сыйрып алуу керек. Бир тектүү фактураны алуу үчүн тепкичтердин (леса) ар бир деңгээлинде жумушчулардын жетиштүү санын камсыз кылуу жана чектеш деңгээлдердин ортосундагы кошулмаларды «нымдууга нымдуу» ыкмасы менен аткаруу зарыл.
Айлана-чөйрөнүн температурасы +20°Сден төмөн жана абанын салыштырмалуу нымдуулугу 60%дан жогору болгондо, декоративдик штукатурканы сүйкөгөндөн кийинки алгачкы 3 суткада тике тийген күн нурларынан, шамалдан жана жамгырдан коргоо керек. Мындай шарттарда курулуш тепкичтерин атайын тор же пленка менен жабуу, имаратка суу агызгычтарды орнотуу сунушталат. Тоңуп калышына жана кургап кетишине жол бербөө керек.
Ички жасалгалоо жумуштары жакшы желдетилген жайларда гана аткарылышы керек, ал эми жумуш аяктагандан кийин жабуу толук кургаганга чейин абанын айлануусун камсыз кылуу зарыл.
Кийинки жумуштар
Декоративдик штукатурканын бетин акрил, силикон же силикат боёктору менен сырдоого болот. Сырдоо айлана-чөйрөнүн шарттарына жараша 3−5 суткадан эрте эмес жүргүзүлөт.
Жумуштан кийин дароо аспаптарды суу менен тазалаңыз. Эгерде аспаптар дароо тазаланбаса, анда аларды кийин механикалык жол менен гана тазалоого болот.
Чектөөлөр
Атмосфералык жаан-чачындарда, туманда, ошондой эле жамгырдан кийинки нымдуу беттерде жана +5тен төмөн жана +30 °Cден жогору температурада иштөөгө тыюу салынат.
Сактоо жана ташуу шарттары
Тыгыз жабылган идиште +5°тан төмөн эмес жана +30°Сден жогору эмес температурада сактоо жана ташуу керек. -20°Сден төмөн эмес температурада жалпы узактыгы 3 жумадан ашпаган беш жолку тоңдурууга жол берилет.
Продукт куюлган чаканы ашыкча ысып кетүүдөн коргоо жана түз тийген күн нуру астында сактоодон качуу керек. Шарттар сакталган учурда, жабык заводдук таңгакта кепилденген сактоо мөөнөтү даярдалган күндөн тартып 24 айды түзөт.
Коопсуздук
Продукт өрткө жана жарылууга коопсуз, тез тутануучу компоненттерди камтыбайт.