Курамы:
Модификацияланган акрил дисперсиясы, силикон чайыры жана кошулмалары, пигменттер, толтургучтар, биоциддер жана фунгициддер, функционалдык кошулмалар, суу
Түсү:
Ак (База А)
Тунук (База С)
Жалтырактык даражасы:
Терең маттык
Сиңирүүчү бетке 1 катмарга кеткен чыгым:
8−10 м²/л*
Сиңирбөөчү бетке 1 катмарга кеткен чыгым:
10−12 м²/л*
Кургап калуу убактысы:
1 саат**
Кийинки катмарды сүйкөөгө болот:
6 сааттан кийин**
Атмосфералык жаан-чачындарга туруктуулугу:
12 сааттан эрте эмес
Нымдуу сүрүлүүгө туруктуулугу:
1-класс ГОСТ 32300/ DIN EN 13300
Тыгыздыгы:
База А 1,5−1,55 кг/л; база C 1,4−1,45 кг/л
ГОСТко шайкештиги:
Р 70087
Бетонго адгезиясы ГОСТ 28574:
1,7 МПа
Суу сиңирүүсү ГОСТ 33352:
0,001 кг/(м2*ч0,5) аз, W3 классы
Буу өткөрүмдүүлүккө каршылыгы:
0,02 м²*ч*Па/мг аз ГОСТ 25898
Буу өткөрүмдүүлүгү ГОСТ 33355:
150 г/(м2·сут) ашык, V1 классы, ГОСТ 33355 Sd 0,01 м
Шарттуу жарыкка туруктуулугу ГОСТ 21903:
96 сааттан кем эмес
Суунун жана 3%дуу натрий гидроксидинин эритмесинин статикалык таасирине туруктуулугу ГОСТ 9.403:
96 сааттан кем эмес
*Чыгымга сырдала турган беттин бүдүрлүүлүгү жана тешикчелүүлүгү, ошондой эле сырдоо ыкмасы жана шарттары таасир этет.
**t (+20±2)ºС жана абанын салыштырмалуу нымдуулугу (65±5)%дан ашпаган учурда. Абанын температурасы +15°Сден төмөн жана абанын салыштырмалуу нымдуулугу 65%дан жогору болгондо кургап калуу убактысы көбөйүшү мүмкүн - кийинки катмарды 24 сааттан эрте эмес сүйкөө керек.
Минералдык кебез жана пенополистирол негизиндеги фасаддарды жылуулоо системаларында колдонуу үчүн, имараттардын жана курулмалардын фасаддарын жана цоколдорун сырдоо үчүн, ошондой эле А, Б, В тибиндеги имараттардагы жана курулмалардагы кургак жана нымдуу жайлардын ичин жасалгалоо үчүн жогорку сапаттагы фасаддык сыр.
Силикон менен модификацияланган курамы узак мөөнөттүүлүктү, атмосферага туруктуулукту, ошондой эле жогорку буу өткөрүмдүүлүктүн жана төмөнкү суу сиңирүүнүн эң жакшы айкалышын камсыз кылат. Сыр көгөрүп кетүүгө жана грибоктордун пайда болушуна туруктуу, «лотос» эффектиси бар бышык, ийкемдүү, өзүн-өзү тазалоочу гидрофобдук жабууну түзөт. Пастелдик жана каныккан түстөргө колеровкаланат.
Колеровкалоо жана түс чечимдери
Сыр А жана С деп аталган эки база түрүндө чыгарылат жана компьютердик (машиналык) ыкма менен RAL, NCS жана башка түс каталогдорунун түстөрүнө колеровкаланышы мүмкүн. База А ачык жана пастелдик түстөргө колеровкалоо үчүн арналган, ошондой эле ак сыр катары да колдонулушу мүмкүн, сырдын салмагынан 5%га чейин колеровкалоочу пасталарды кошууга жол берилет. База С колеровкаланган түрдө гана колдонулат жана каныккан түстөргө колеровкалоо үчүн арналган, сырдын салмагынан 10%га чейин колеровкалоочу пасталарды кошууга жол берилет.
С базасындагы ачык түстөргө сырдоодо, алдын ала окшош түскө колеровкаланган А базасындагы сырдын катмарын сүйкөө сунушталат. Суу негизиндеги колеровкалоочу пасталардын жардамы менен кол менен колеровкалоого болот.
Колеровкалоонун жыйынтыгы үчүн жоопкерчиликти колеровкалоону аткарган уюм тартат.
Түстүн берилишинин өзгөчөлүктөрү
Сүйкөө шарттарына, ошондой эле сырдала турган беттин фактурасына жараша түстөрдүн чыныгы өңдөрү түс каталогунда берилгендерден бир аз айырмаланышы мүмкүн. Колдонуудан мурун сынап сүйкөп көрүү жана кургаган жабуунун түскө шайкештигин текшерүү зарыл.
Өңдөрдүн айырмачылыгын болтурбоо үчүн бир визуалдык тегиздикте бир өндүрүш партиясындагы продуктуну (партиянын номери ар бир таңгакта көрсөтүлөт) колдонуу же ар башка партиядагы материалдарды алдын ала 1:1 пропорциясында аралаштыруу сунушталат, сүйкөө технологиясы өзгөрүүсүз калышы керек.
Негизге карата талаптар
Негиз СП 71.13330.2017 талаптарына жооп бериши керек:
Бетон, темир-бетон, уячалуу бетон — жашы 3 айдан ашкан жана салыштырмалуу нымдуулугу 4%дан ашпаган. Цемент-кумдуу, цемент-акиташтуу шыбактар — жашы 28 сутка жана салыштырмалуу нымдуулугу 4%дан ашпаган. BERGAUF ISOFIX, BAU PUTZ ZEMENT, UNTER BAU, GLATTE ZEMENT, FINISH ZEMENT — жашы 3 күндөн ашкан жана салыштырмалуу нымдуулугу 6%дан ашпаган. Гипс, цемент, жыгач камтыган барак материалдары, ошондой эле гипс шыбактары — салыштырмалуу нымдуулугу 1%дан ашпаган.
Жумушту жүргүзүү шарттары
Сырдала турган бет кургак жана таза болушу керек, жумушту аткаруу үчүн негиздин температурасы +5°Сден жогору, сырды сүйкөө учурундагы абанын температурасы +5°Сден +35°Сге чейин, абанын салыштырмалуу нымдуулугу 80%дан төмөн. Фиништик катмардын ар түрдүү түстө болуп калышын болтурбоо үчүн бир партияда чыгарылган сырды колдонуу сунушталат.
Материалды даярдоо
Сырды жакшылап аралаштыруу керек. Жалпак жана кенен тактайча же курулуш миксери менен төмөнкү айланууларда, аба көбүкчөлөрүнүн пайда болушуна жол бербей, этияттык менен 1-3 мүнөт аралаштыруу зарыл. Жабык идишти силкилдетүү менен материалды аралаштыруу сунушталбайт. Ташуудан жана/же активдүү аралаштыруудан кийин аба көбүкчөлөрү пайда болсо, сыр алар жоголгонго чейин тыныгышы керек.
Сүйкөө технологиясы
Сырды даярдалган кургак таза бетке щетка, валик же сыр чачкыч менен 2 катмар кылып бир калыпта сүйкөө керек. Туташ бетти сырдоодо тыныгуу жасабоо сунушталат, «бириккен» жерлерде «нымдууга нымдуу» ыкмасы менен иштөө керек. Жумушту архитектуралык чектер боюнча (имараттын бурчтарында, суу агуучу түтүктөрдүн астында ж.б.) бүтүрүү зарыл.
Фактуралык шыбактар, кыш, бетон блоктору, рельефтүү шыптар сыяктуу одоно беттер үчүн түгүнүн узундугу 12-25 мм болгон валиктерди колдонуу сунушталат. Шпатлевкалар, шыбактар, бетон, айнек холст, малярдык флизелин сыяктуу бүдүрлүү беттер үчүн — түгүнүн узундугу 8-12 мм. Гипсокартон, МДФ, ДСП, архитектуралык декор элементтери (наличниктер, молдингдер, шып карниздери) сыяктуу жылмакай беттер үчүн — түгүнүн узундугу 6 ммге чейин.
Сыр колдонууга даяр, щетка же валик менен сүйкөө үчүн зарыл болгон учурда суу менен 5%дан ашык эмес суюлтууга болот.
Коопсуздук чаралары
Атмосфералык жаан-чачында, туманда, ошондой эле жамгырдан кийинки нымдуу беттерде жана +5°Сден төмөн жана +35°Сден жогору температурада фасаддык жумуштарды жүргүзүүгө тыюу салынат. Жумуш жүргүзүүдө тике тийген күн нурларынан жана жогорку нымдуулук шарттарынан сактануу керек.
Жумуш аяктагандан кийин колду жана шаймандарды жылуу суу менен жакшылап жууш керек.
Сактоо жана ташуу шарттары
Тыгыз жабылган идиште +5°Сден кем эмес жана +35°Сден ашпаган температурада сактоо жана ташуу керек. -40°Сден төмөн эмес температурада жалпы узактыгы 2 жумадан ашпаган беш жолку тоңдурууга жол берилет.
Продукт куюлган чаканы ашыкча ысып кетүүдөн коргоо жана тике тийген күн нуру астында сактоодон качуу керек. Шарттар сакталган учурда жабык заводдук таңгакта кепилденген сактоо мөөнөтү даярдалган күндөн тартып 24 айды түзөт.
Сактоо учурунда продукт катмарларга бөлүнүп кетиши мүмкүн, бул аралаштырууда оңой эле калыбына келет. Толук иштетилип бүтө элек продуктуну тыгыз жабылган идиште сактап, мүмкүн болушунча тезирээк колдонуу керек.
Коопсуздук
Продукт өрткө жана жарылууга коопсуз, тез тутануучу компоненттерди камтыбайт.